www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазганын билдирген. Ал бул кадамын каналды коомдук кыла албай койгонун, балким кыйын жаштар келип иштесе оңдойттур деп түшүндүргөн.

Анын билдирүүсүнө удаа эле коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына ага карата өз оюн жазды. Анын жазганы төмөндө:

“Эми ушинтип актана бериш деле натуура иш. Илим Карыпбековду колдон-буттан алып колдоп КТРКны КАРА ЖАШИК кылганга жандалбас кылып эле киришип, Атамбаевдин ишеничин актап бергенин баарыбыз эле көрүп-билип турбадыкпы. Ошентип эле ачык айтса дурус болобу дейм,  коомдук телевидение кылалы деген иш ойго да келген жок деп....”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости