www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын авиарыногунда ата-мекендик жүк ташуучу жеке компания пайда болду. Анын ээлери толугу менен кыргыз жарандары.

Жаңы жүк ташуучу компания “Кыргыз авиалиниялар плюс” – деген ат менен ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Ал юстиция министрлигинен ушул жылдын октябрь айында кайра каттоодон өткөн. Анын негиздөөчүлөрү болуп Алмаз Матмусаев жана Жеңиш Орозбаев катталган. Министрликтин маалыматы боюнча Орозбаев компаниянын жетекчиси.

7-ноябрь күнү “Манас” эл аралык аэропортуна Airbus А300В4 учагы келип конду. Жүктөр дал ушул учак менен ташылат. Ал Түркия, Иран, БАЭ, Кытай жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө рейстерди аткарат. Жалпысынан учак 40 тоннадан ашуун жүктү ташууга мүмкүнчүлүгү бар.    

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости