www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гаитиде өлтүрүлгөн президент Жовенел Моизенин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан убактылуу премьер-министр Клод Жозеф кызматтан кетерин жарыялады. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты. 

Аймактык массалык маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Моизе кол салууга учурагандан кыска убакыт мурун премьер-министр болуп дайындалган, бирок ант бербегендиктен кызматында расмий болбогон Жозеф премьер-министрликти «өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн» Ариэль Генриге өткөрүп берээрин жарыялады.

Өлкөдө кандайдыр бир баш  - аламандыктын чыгышын каалабагандыгын баса белгилеген Жосеф: «Мени тааныгандардын баары бул конкуренцияда же башка бир кызматты өткөрүп алуу ниетинде болбогондугумду билишет», - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости