www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кант диабети менен ооруган бейтаптарды COVID-19га каршы эмдөөдөн өтө алат. Бул тууралуу Эндокринологиялык борбордун директору Н. Добрынина билдирди.
Анын айтымында, кант диабетинин 1- жана 2-тиби менен ооруган бейтаптар, башкаларга караганда коронавирус инфекциясынын кесепетинен жана оорунун күчөп кетишине байланыштуу стационарга жаткырылуу тобокелдиги абдан чоң.
«Бул гипергликемия, иммуносупрессия, деструктивдүү альвеолиттин өнүгүү тобокелдигин күчөткөн, коагулопатия, уйку апноэсинин көбөйүшү жана башка факторлор менен байланыштуу», - дейт ал.
Эмдөөдөн мурда даарыгердин кароосунан өтүп, анын макулдугун алуу керек.
Саламаттыкты сактоо жаатындагы дүйнөлүк эксперттер, кант диабетинин 1-жана 2-тиби менен жана башка сейрек кездешкен түрлөрү менен ооруган бейтаптарга, каршы көрсөтмөлөрду жана эскертүүлөрдү эске алуу менен COVID-19га каршы эмдөө жүргүзүү керек деп белгилешет:
- кан тамырлары менен көйгөйү бар бейтаптарга;
- жүрөк кан - тамырлардын коморбид диагнозу бар бейтаптарга;
- 5-стадиядагы бөйрөк оорусу жана ага каршы терапия албаган бейтаптарга;
- диализдеги бейтаптарга;
- бөйрөгү трансплантация болгон бейтаптарга.
Булак: NazarNews.kg