www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башынан оор жаракат алган Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Самат Курманкулов дарылануу үчүн Москвага кетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев Фейсбуктагы баракчасына жазды.
"21-январда генерал-майор Самат Курманкуловду Москва шаарына Калыбына келтирүү борборуна дарыланганы узатып келдим. Эсен-аман жетип, жакшы дарыланып келсин. Кудайым шыпаа берип, батыраак сакайып кетсин. Ал эми колдоо көрсөткөн Тышкы иштер министри Жээнбек Молдокановичке, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара-Самат айымга жана "Манас" Эл аралык аэропортунун жетекчиси Манас Самудиновичке ыраазычылык билдирем!", - деп жазды Токторбаев.
Эскерте кетсек, Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-августунда Кой-Таштагы атайын операция учурунда оор жаракат алган. Жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Курманкуловго Бишкекте эки ирет операция жасалган. Бирок, абалы жакшырбагандыктан, 12-августта дарылануусун улантуу үчүн аны Москва шаарындагы оорууканага алып кетишкен.
Булак: NazarNews.kg