www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия «AstraZeneca» вакцинасын алууга уруксат берди

Германия Өкмөтү алтымыштан ашкан адамдарды коронавируска каршы эмдөөдө «AstraZeneca» вакцинасын колдонууга уруксат берген чечим кабыл алды. Бул чечим 31-марттан тарта күчүнө кирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 30-мартта Роберт Кох институтунун Вакцина боюнча туруктуу комиссиясы (СТИКО) «AstraZeneca» вакцинасын колдонуу сунушун өзгөрткөн. Комиссиянын корутундусунда бул вакцинанын 60 жашка чейинки адамдарга терс таасир бергени айтылды. Ошол эле учурда алытымыштан ашкан карылар үчүн коопсуз экени белгиленди.

Буга чейин Европанын бир катар өлкөлөрү эмдөөдөн кийин кандын уюп калышына байланыштуу «AstraZeneca» вакцинасын колдонууну убактылуу токтотушкан. Анткен менен бир нече күн мурда Европанын Дары-дармектер боюнча агенттиги вакцинаны коопсуз жана таасирдүү деп табышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости