www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Welt am Sontag басылмасынын маалыматына караганда Германиядагы коронавирус жуктуруп алган адамдардын дарыланууга кеткен чыгымдары орто эсеп менен 10,7 миң евро түзөт.  

АОК камсыздандыруу компаниясынын эсептөөсүнө караганда бул баа дагы орточо сан болуп эсептелет. 26,5 миллиондон ашык адамды камсыздандыруу менен алектенген компания 10,7 миң евро бул жасалма дем алдыруу системасын колдонбогон учурдагы баа. Эгер оорулуу жасалма дем алдыруу аппараттарын колдоно турган болсо эсеп 38,5 миң еврого чейин жетет.

Башка немис камсыздандыруу компаниясы Barmer 9 миллиондон ашык жаранды камсыздандырат. Анын эсептөөсүнө караганда, эгер дарылануучу жасалма дем алдыруучу аппаратты колдонбосо эсеп 6,9 миң евро болот. Жасалма дем алдыруу аппаратын колдонгон учурда баа 31,7 миң еврого тең келет.

Лейбниц экономикалык изилдөө институтунун маалыматына карата, ооруканаларда жаткан дарылануучулардын 14% жасалма дем алдыруу аппараты кажет.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости