Сергей Лавровдун Балканга баруусу күтүлүүдө
Дүйнө жүзүндө  |   |  492

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров жакынкы убактарда Балкан аймагына баруусу пландалууда.

Ишемби күнү Сербия президентинин башкы катчысы 28-29-октябрь күндөрү Лавровдун иш сапар менен Белградга келүүсү күтүлүүдө деп билдирген.

Босния менен Герцеговинанын Тышкы иштер министрлери буга чейин эле Лавровду 27-28-октябрда бараарын тастыктаган болчу.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Сергей Лавров министрлер советинин башчысы Зоран Тегелтия менен ТИМдин жетекчиси Бисерой Туркович менен жолугуусу болжолдонууда.

РФнын элчиси Анвар Азимовдун айтымында, Лавров 27-октябрда келип, эки документке: өкмөттөр аралык маданий кызматташтык программасы жана Россия менен Хорватиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы ведомстволор аралык консультациялардын планы боюнча документтерге кол коюшат.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Поделитесь с друзьями