www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтымчы, Света Тойгонбаева Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров тууралуу пикирин айтты.

--Садыр Жапаров, Кыргызстан үчүн көп нерсе кыламын, элдин ишенимин аткарамын, иштеймин деп аракет  кылып жатат. Өзүнүн жан дүйнөсү таза, бирок ден-соолугун каратышы керек! Эки чоң маселеден адашпашы зарыл! Эки нерседен жаңылыштык кылбасын, элге көп убада бербесин. Жакын арада бир мамлекет менен сүйлөшүү жүргүзөт. Тилекке каршы, булардын арасында бийликтегилер 3 топко бөлүнүп кетти. Өзү оор жолдорду басып келген Садыр Жапаровдун жолдору аябай ачык деп айтпаймын. Душмандары өтө көп, ашыкча кетпеш керек, бирок бул кишини саясаттан кетиребиз деген топ пайда болду, этият болбосо душмандары бат эле чалып коет. Болочокто президент болбойт. Садыр Жапаров жана анын командасы Сооронбай Жээнбековду эки ай чыдап кетирбей турганда чоң ийгиликке жетишмек, ал тургай өзү президент болуп калганга мүмкүнчүлүк түзүлмөк, эми андай мүмкүнчүлүк болбой калды. Садыр Жапаров өзү премьер-министр болуп, Жээнбеков президент болуп иштей бергенде жакшы болмок, бир аз шашып кетти. Эми сагызгандан сак болбосо, өзүнө жанында жүргөндөр кас болуп чыга келет, - деди Садыр Жапаров тууралуу Света Тойгонбаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости