Жалал-Абад шаарындагы тойканаларга күндүзгү рейд жүрдү
Коом  |   |  289

Жалал-Абад шаарындагы тойканаларга күндүзгү рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, рейдге калаадагы тийиштүү тармактардын кызматкерлери катышып, 10го жакын кафе-ресторандар текшерилди. Жыйынтыгында эки жайда той өтүп жатканы аныкталып, буга чейин берилген эскертүүлөргө карабай мыйзамга баш ийбегендиктен электр жарыгы өчүрүлдү.

Белгилей кетсек, бул багыттагы рейддер дагы да улантылат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями