www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда акыркы бир суткада 311 адамдан коронавирус аныкталса, 3 бейтап көз жумду.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, коронавирус жуктургандардын жалпы саны 62 миң 995 адамга жетти. Алардын ичинен 60 миң 80 адам айыгып, ооруканадан чыгарылса, бүгүнкүгө чейин жалпы 524 бейтап каза болгон.

Учурда өлкөнүн медициналык мекемелеринде 2 миң 391 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 313 адамдын абалы оор болсо, 95 адамдын абалы өтө оор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости