Нарын облусуна жаңы жетекчи дайындалды
Расмий кабарлар  |   |  1322

Нарын облусун 52 жаштагы Сабыркул Ашимбаев жетектемей болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү буйруктарга өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Белгилей кетсек, октябрдын башында шайлоодон кийин нааразычылык жаралып, эл митингге чыкканда облус башчысы эл менен экенин айтып, кызматтан кетүү арыздарын жазган. Бирок легитимдүү өкмөт шайлангыча аймактын тынчтыгы үчүн иштеп берерин айтып, кайра ишин уланткан.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями