www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда карантин эрежелери жумшартылат

Германияда 8-марттан баштап коронавирус илдетинин саны азайган аймактарда карантин эрежелери жумшартылат. Бул тууралуу Ангела Меркель билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

"8-марттан баштап коронавирус илдети аз катталган (50дөн аз адам) аймактарда карантин эрежелери жумшартылат. Анда дүкөндөрдүн ачылышы, ошондой эле музейлер, зоопарктар жана ботаникалык бакчалар ачылышы ыктымал", - деп жазылат маалыматта.

Акыркы маалыматтар боюнча, Германияда коронавируска 2 миллион 460 миң адам кабылса, 70 миң 926 бейтап каза болду.

Германияда катуу карантин 16-декабрдан баштап күчүнө кирген. Анда азык-түлүк, тиричиликке маанилүү буюмдарды саткан дүкөндөрдөн башка баардык соода түйүндөрү жабылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости