www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 3-мартта Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 2021-жылдын акыркы эки айында ички иштер органдарынын ишинин жыйынтыгы боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Коргоо министри Бегенч Гундогдыев Түркмөнстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 27-сентябрда өтүүчү аскердик парадга даярдыктар жөнүндө маалымат берди. Белгилей кетсек, быйыл парадды өкмөттүн жаңы трибунасынын алдында өткөрүү пландалууда.

Президент ички иштер министрлигинин башчысы Мамметхан Чакыевге жолдордогу мыйзам бузууларды катуу көзөмөлгө алып, жөө жүргүнчүлөрдүн, айрыкча мектеп окуучуларынын арасында жол эрежелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Санариптештирүү боюнча вице-премьер-министр, Жогорку көзөмөл палатасынын башчысы жана коопсуздук кеңешинин мүчөсү Сердар Бердимухамедов мамлекеттик мүлктү көзөмөлдөө жана санарип тутумдарды киргизүү боюнча иштер жөнүндө маалымат берди. Кандай жумуштар аткарылгандыгын мамлекеттик маалымат агенттиги тактаган жок.

Бердимухамедов Коопсуздук кеңешинин баардык мүчөлөрүнө, анын ичинде уулу Сердар Бердимухамедовго да «Türkmenistanyň Watan goragçysy» (Түркмөнстандын «Мекен коргоочусу») ардактуу наамын берүү жөнүндө чечимин жарыялады.

Бул наам 2021-жылы 16-январда негизделген жана «мамлекеттик көз карандысыздыкты, суверендүүлүктү, аймактык бүтүндүктү, конституциялык түзүлүштү, мыйзамдуулукту жана тартипти коргоодо зор эмгек сиңирген» Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө ыйгарылат. Ага татыктуу болгондор төш белги менен сыйланат.

Сердар вице-премьер-министр кызматына дайындалып, Коопсуздук кеңешинен орун алганына бир ай боло элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости