www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский орустарга Шенген визасын берүүнү токтотуу чакырыгы менен Евробиримдикти экиге бөлдү. Бул тууралуу Германиянын Die Welt гезити жазып чыкты.

Басылманын маалыматы боюнча, бул сунушка Чыгыш Европанын көптөгөн өлкөлөрү жооп кайтарып, орус жарандарынын өз аймагына киришине бөгөт коё башташкан, ал эми Евробиримдиктин батыш бөлүгүндөгү экономикалык жактан өнүккөн мамлекеттер бул демилгеге бөгөт коюу аракетин көрүүдө.

Гезит орустарга Шенген визасын берүүгө тыюу салууга каршы чыккандардын арасында Германия, Франция жана Голландияны атаган.

KP.RU сайты мурда жазгандай, Владимир Зеленский Батыш өлкөлөрү бардык орусиялыктардын өз аймагына кирүүгө тыюу салышы керек деп айткан.

Саясатчынын айтымында, «эң маанилүү санкциялар чек араларды жабуу».

Украин лидери муну «орустар башка бирөөнүн жерлерин тартып алууда» деп түшүндүрдү.

Мындан тышкары, Зеленский мындай чара саясий себептер менен өлкөдөн чыгып кеткен Орусия Федерациясынын жарандарына да тиешелүү болушу керек деп эсептейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости