www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев газдын баасы 2 800 долларга чыгып кетиши боюнча комментарий берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Ооба, газдын миң куб метри 2800 долларга чыкты. Европа катуу үнөмдөө режимине өтүшү керек. Жылдын аягында баа кандай болот? Балким үч же төрт миң доллар болор. Кимиңер көбүрөөк төлөй аласыңар, мырзалар?" — деп жазды ал өзүнүн Telegram каналында.
Эске салсак, Германияда алдыдагы кышта энергетикалык крисиз болжолдонууда. Буга өлкөнүн Россия газынан баш тартышы себеп болууда. Экономика министри Роберт Хабек жана Федералдык электр тармактар агенттигинин башчысы Клаус Мюллер өлкө жарандарын электр энергиясын керектөөнү азайтууга үндөшкөн.
Ал эми канцлер Олаф Шольц Канадага болгон иш сапарынын алкагында газ менен камсыздоо маселесин талкуулай турганын айткан. Ошондой эле энергетикалык кризистин айынан нааразылык акциялары болбошу керектигин эскертүүдө.
Белгилей кетсек, Украинадагы атайын операция башталган соң Европа Россиянын энергетика булактарынан баш тартууну чечкен. Эмбарго деңиз аркылуу ташып келүүлөргө жана түтүктөргө салынган. РФтен нефть импорттоого салынган тыюу декабрдын башына чейин, ал эми мунай заттарына 2023-жылдын февралына чейин киргизилген.
Булак: NazarNews.kg