www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президент Садыр Жапаровго жана жалпы кыргыз элине Ульяновсктогу жол кырсыгына байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Ак ордонун басма сөз кызматы билдирди.

Токаев каза болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

21-августта Орусиянын Ульяновск облусунда болгон жол кырсыгынын кесепетинен 16 адам каза болуп, анын он төртү Кыргызстандын жарандары болгон. Учурда кыргызстандык үч жаран ооруканада.

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы жол кырсыгында 14 кыргыз жараны каза болгондугуна байланыштуу 23-августту Аза күтүү күнү деп жарыялады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости