www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Июнь айынын башында кызматынан четтетилген саламаттык сактоо министри кызматынан алынды, бирок дароо эле башка майлуу кызматка дайындалды. Иликтөө иштеринин акы-чүкүсү ачыкталбайт, бирок жогорку бийликтин кийлигишүүсүз мындай иштер болбойт ко.

Учурунда түзүлгөн эпидемиялык кырдаалды эске алуу менен, министрге каршы ачылган бир нече иштин бири кыскартылган. Бирок мындай ыкма менен кандай болбосун коррупциялык көрүнүштөрдү актаса болот жана жалпы мыйзамдардын кереги да жок болуп калышы мүмкүн. Ар бир өзгөчө учурду эске алып отурса, адам өлтүргөн же балдарды зордуктагандарды да актап жиберсе болот.

2020-жылдын ноябрында прокуратура – пандемия менен күрөшүү үчүн бөлүнгөн 800 млн сом дайынсыз жоголгонун аныктаган. Эч ким жооп бере элек. Кийин, 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында, кереги жок болсо дагы, 2 млн доза вакцина сатып алынган жана ага бөлүнгөн бир жарым млрд сомдон ашык каражат офшорго которулган деп айтылууда. Бирок, учурунда түзүлгөн абалды эске алуу менен, эч ким күнөөлүү эмес.

 

Последние новости