www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-украин согушунда биздин өлкө бейтарап абалды карманды, эгер эле акыйкатты сүйлөй ала турган эл болсок, анда Орусияны колдошубуз керек эле. Мындай пикирин жарандык активист Шамурза Бөрүкулов NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

-- Бири: Зеленскийге жалынып, орустардын кыжырына тийип, акыбетинде мигранттарды оор шартка калтырса, экинчиси: элчи болуп мигранттардын жашоосун жакшыртууга ордунан туруп аракет да кылган жок. Фашистик Украинаны колдойбуз деп, кыргызды көп шорго батырат окшойт, бул бийлик? - деп социалдык баракчаңызга жазып чыктыңыз, ушул тууралуу маек берсеңиз.

-- Мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги тууралуу сөз болгондо өлкө башындагы жакшылар: айткан сөзүнө турган бир сөздүү, Мадумаровго окшоп бүгүн айтып, эртең айткан сөзүнөн кайтып кетпеген, Текебаевге окшоп кек сактап, көңүлүнө өч алуу сезимин түйбөгөн, кара ниет иштерди жасап интригага аралашпаган, Акаевге окшоп жыртаңдап жеңил ойлуу мамиле кылбаган, так айтканда карманган позициясына туруктуу болуш керек. Бүгүнкү күндө Орусиядагы миллиондогон жарандарыбыздын жашоосунун татаалданып кетиши, Кыргызстандык мигранттарга Атамбаевдин маалында берилген жеңилдиктерди артка кайтарылып калышы, бүгүнкү бийликтин Россияга карата куру намыска салып түр көрсөтөм деген кем акыл саясатынын натыйжасы болуп эсептелет. 

-- Эмне себептен Орусия мигранттарга болгон талабын күчөттү деп ойлойсуз?

-- Мурда медициналык кароо деген балакет жок эле. Каттоо маселеси деле жөнөкөй түрдө бүтчү. Өлкөгө чыгып, кайра кел деген оюн тыйылган эле. Иштегендердин баарына медициналык полис берилип, бекер даарыланчу элек. Ушунун баары жок болду. Себеби, орус-украин согушунда биздин өлкө бейтарап абалды карманды, эгер эле акыйкатты сүйлөй ала турган эл болсок, анда Орусияны колдошубуз керек эле. Себеби, фашистик Украина менен биздин жалпы карай турган эч кандай көйгөйүбүз жок. Украиндер кыргыздардын атасынын абагасы, энесинин шыбагасы эмес, кайнаса каныбыз кошулбаган жат эл. Ал эми Орусияда миллиондон ашык элибиз жүрүшөт, ырыскысын терип жешип. Жөнөкөй тил менен айтсак: эгер украиндер бизге таарынса, биз үчүн дайраны кечсек ашыгыбызга чыкпагандай эле кеп эмеспи. Орустардын таарынычы, биз үчүн чоң көйгөй, зыян экенин эл башчылар түшүнүш керек болчу.

-- Сиздин оюңузча бейтарап абалды карманганыбыз туура эмес деп эсептейсизби?

-- Мейли, бейтарап абалды кармаганыбыз деле бир жактан туурадыр деп коелу. Андай болсо, айтылган сөзүбүздө туруп, ошол бейтарап абалды аягына чейин туруктуу кармашыбыз керек эле. А биз эмне кылдык? Маданият министри кээ бир орус каналдарын жана Донецк Эл Республикасы (ДЭР) тууралуу акыйкатты чагылдырган документалдуу фильмдерди биздин өлкөдө көрсөтүүгө тыюу салды. Балакеттин баары дал ошондо башталган. Орустун саясий серепчилери топтолушуп Кыргызстанды боктоп жатып калышты. Кантип эле ошол берүүлөрдү биздин бийлик көрбөй калышты? Ошентип, бир заматта мигранттарга карата оорлошкон мыйзамдарды киргизе башташты. Ал эми Мадумаровдун партиясы Донецк элине гуманитардык жардам жөнөтсө, бул жакта турушуп ар кандай жаман сөздөрдү айтышты. Эгер билген адамга, Мадумаровдун гуманитардык жардамы кыргыздардын абийирин жаап калды десек туура болот. Ошонун баарын орустар угуп, көрүп жатат да. 

-- Элчи Кадыркуловдун Украина президенти Владимир Зеленскийге ишеним грамота тапшырганы коомчулукта кызуу талкууга алынды. Элчинин бул кадамына сиз кандай баа бересиз?

-- Азаттык күнү-түнү тынбай орустарды: баскынчы, канкор кылып көрсөтүшүп сайрап жатышат. Аялдарды зордогон, балдарды кордоп өлтүргөн мыкачыларга теңеп жатса, аларды кой деген кожо чыккан жок, биздин башчылардан. Ушул нерсе орустарга жагабы? Батыштын шүмшүктөрү канча жолу орус элчилигине барып тополоң кылышты. А түгүл Токтонасыров деген ырысы жок митингчи орус элчилигинин алдына сулайып жатып "өлүп калды". Ушулбу биздин өлкөнүн бейтарап абалды карманып калыс болгонубуз? Кечээ жакында Украинадагы шүмүрөйгөн берекеси жок, көрүнүшү суудан чыккан келемиштей болгон элчибиз Зеленскийге ишеним грамота берип олтурат. Азыр ошол фашистке грамота бере турган учурбу? Бул аракет биздин өлкөнүн орустарга карата кылган эң чоң кыянаттыгы болуп эсептелет. Мен түшүнбөйм, Зеленкийдин кайсыл кылган кереметине грамота беришти? Менимче, атайын Путиндин жинине тийиш үчүн беришти. А кокуй ай, ушунчалык да кем ойлоп, акылсыз ишке кол урушабы? Путин азыр согушуп жатат. Колу бош эмес. Кудай буюрса согуш да бүтөт. Орустар баары бир жеңип чыгышат. Башкача болушу да мүмкүн эмес. Андан соң биздикилер кандай жол тутушат? Путиндин бетин тике караганга эрктери жетээр бекен? Жардам кыла албасак да оозубузду жаап, отуз өлчөп бир кесип сүйлөп, кадамыбызды ойлонуп бассак туура болбойт беле? Ушул жөнөкөй арифметикага баштары жетпесе, кантип өлкө башкарып олтурушат?

-- Кечээ Орусиядагы кырсыктан 14 кыргыз жараны мерт кетти. Мигранттар каттоо маселесинен улам бөөдө кырсыкка учурашканы, элчилик убагында маселени чечпей койгону айтылууда. Буга сиздин пикириңиз кандай?

-- Биздин бийликтин туура эмес саясатынын алгачкы курмандыктары, мына минтип кыргыз элине өтө эле оор тийди. Биздин 14 жараныбыз кирди-чыкты регистрациянын кесепетинен бөөдө каза болушту. Мурда мындай болгон эмес. Бул кетиште орустардын каарына калып шорубуз көп төгүлөт окшойт. Мүмкүн ушул он төрт жарандын кыйылган өмүрүнөн кийин акылына келишээр? Он жети кыз күйүп кеткенде, Атамбаев чекесин чымын чаккандай болбой, Көчмөндөр оюнунда Стивен Сигал менен жыргап жүрүп, акырында тагдыры мындайча бүттү. Кудай эл башындагыларга акыл эс, көрө билген көсөмдүк, элди уккан жөнөкөйлүк, баарынан да нысап берсин.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости