www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда газ тартыш болору айтылууда

Евробиримдикте Россия газынын тартыштыгынан улам Германиянын ар бир экинчи тургуну келе жаткан кышта үшүй турганын айтып кооптонууда. Бул тууралуу РИА Новости Bild басылмасына таянып кабарлады.

Ага ылайык, сурамжылоого катышкан адамдардын 75 пайызы баанын жогорулашын оор мезгил деп атаса, 50 пайызы экономикалык абалы начарлаганын айткан.

Евростат статистикалык кызматынын маалыматына караганда, Европада инфляциянын деңгээли 20 жыл мурда бирдиктүү валюта киргизгенден бери биринчи жолу июнда жогорку чекке жеткен.

Макалада Германиянын экономика министри Роберт Хабектин сөзү келтирилген. Анда министр Россиянын көгүлтүр оту бир жумадан кийин түгөнүшү мүмкүн экенин айткан.

Өткөн аптанын башында "Газпром" чектөөлөрдөн улам "Портовая" компрессордук станциясы "Түндүк агымга" суткасына 100 миллион куб метрден гана бере аларын айткан. Негизи мурда 167 миллион көлөмдө пландалган. Немецтик Siemens компаниясынын агрегаттарында оңдоо иштери кечигип жаткандыктан станцияда газды сордурган үч гана агрегатты колдонуу мүмкүн болуп турат. Газпром "Портовая" станциясында дагы бир агрегаттын ишин токтоторун билдирди. Ага 16-июндан тарта суткасына 67 миллион куб метрден ашык газ жөнөтүүгө болбой тургандыгы себеп болгон.

Жыйынтыгында Nord Stream AG магистралынын оператору "Түндүк агымдын" эки түтүгүн тең 11-июлдан 21-июлга чейин техникалык тейлөө үчүн токтото турганын тастыктаган. График жана иш планы алдын ала макулдашылганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости