www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германияда 2026-жылдын башынан бери аптаптуу ысыктын кесепетинен болжол менен 14 миң адам каза болгон. Бул тууралуу Stuttgarter Zeitung Роберт Кох институтунун (RKI) маалыматына таянып жазды.

RKIнин акыркы маалыматтары 2026-жылдын 9-августуна чейинки мезгилди камтыйт. 14 миң адамдын каза болушу Германияда кеминде 1992-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болуп калды.

Каза болгондордун басымдуу бөлүгү — 75 жаштан жогорку курактагы адамдар. Алардын саны болжол менен 10,5 миң адамды түзөт.

RKIнин маалыматына ылайык, быйыл жай мезгилинде катуу ысыктын эки негизги мезгили болгон. Биринчиси июнь айынын аягында, экинчиси июль айынын аягы — августтун башында катталган. 22–28-июнь күндөрү эле 9,6 миң адам каза болгон. Бул мезгилде өлкө боюнча орточо суткалык температура 26,4 градуска жетип, айрым аймактарда күндүз абанын температурасы 40 градустан ашкан.

Катуу ысык жана кургакчылык Германиянын айыл чарбасына да терс таасирин тийгизүүдө. Немис фермерлер ассоциациясынын маалыматына караганда, дан эгиндери менен рапстын түшүмдүүлүгү төмөндөгөн. Айрым аймактарда малга тоют да жетишсиз болууда.

Фермерлер бийликтен тез арада каржылык колдоо көрсөтүүнү талап кылышууда.

Последние новости