www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш мекендештер Баварияда ар кандай масштабдуу майрамдык иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу миграциялык кеңештин Германиядагы өкүлү Бермет Абдрахманова билдирди.

Анын айтымында, 2023-жылдын 4-мартында Мюнхенде Германиянын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Миграция боюнча кеңештин өкүлү Б.Абдрахманованын жана «Gorod» маданий борборунун колдоосу менен ата мекендик «Аяш жана Аяш-2» комедиясы көрсөтүлдү. Көрсөтүүдөн кийин уйгур кафесинде жолугушуу уюштурулду.

2023-жылдын 8-мартында жаш активисттер тарабынан эки иш-чара уюштурулган.

Нооруз майрамына арналган:

1. Мурнаудагы «Кыргыз маданиятынын кечеси». Анда презентация көрсөтүлүп, кыргыз ашканасынын тамактары жана улуттук ыр-бий тартууланды. Конокторго кыргыз музакылык аспабы - комуздун жаралуу тарыхы тууралуу айтып беришти. Кыргызстан тууралуу презентация жана музыкалык номер иш-чаранын бардык конокторунун көңүлүн бурду. Көпчүлүк Кыргызстанга келүүнү каалашарын билдиришти. Бул кыргыз жаштарынын Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы.

2. Мюнхендеги Вестпаркта жаш кыргызстандыктар үчүн спорттук оюндар уюштурулуп, улуттук тамак-аштар, барбекю даярдалды. Иш-чаранын максаты жаштардын башын бириктирүү, сергек жашоого үндөө, спортту жана кыргыздын улуттук маданий салттарын Германияда сактоо жана жайылтуу, ошондой эле быйылкы жылдын иш-чараларынын планын талкуулоо болду.

2023-жылдын 26-мартында кыргыз жаштарынын кезектеги жолугушуусу болуп, анда түрдүү интеллектуалдык оюндар, викторина түнү жана биринчи биргелешкен ооз ачуу болуп өттү. Мындай иш-чаралар жаштар үчүн абдан маанилүү.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Миграция боюнча кеңештин Германиядагы өкүлү Б.Абдрахманова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.Садыгалиева кол койгон Ардак грамоталарды биздин татыктуу активисттерибиз Бекжан Мукашев жана Рахатай Дүйшеевага салтанаттуу түрдө тапшырды. 

Баварияда жогорудагы иш-чараларды уюштурган активисттер Рахатай Дүйшеева, Данила Кошуева, Айжан Алиакбар, Хуснорохон Расулова, Атай Курманбеков, Бектурсун Абазбеков, Нуриз Акжолова, Сейид кызы Диана, Майрамбек кызы Э, Гүлнур Усуповага терең ыраазычылык билдиребиз.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости