www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швейцариядан Гүлнара Каримованын конфискацияланган активдерин кайтаруу үчүн түзүлгөн Uzbekistan Vision 2030 фонду БУУнун жаңы программасын каржылоо үчүн 43,5 миллион доллар бөлдү. 

Ал Өзбекстанда энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн кыскартууга багытталган.

Бул тууралуу БУУнун Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн сайтында маалымдалды.

Uzbekistan Vision 2030 фонду 2022-жылдын жайында Гүлнара Каримованын Швейцариядагы конфискацияланган активдерин кайтаруу үчүн түзүлгөн.

Былтыр августта Өзбекстан менен Швейцария 131 миллион долларды аталган фонд аркылуу кайтаруу боюнча келишимге кол коюшкан. Бул активдер Өзбекстан өкмөтүнүн реформаларын ишке ашырууну тездетүүгө жана өлкөдө БУУнун Туруктуу өнүгүүгө багытталган программаларын каржылоого жумшалат.

“БУУнун бул программасы бүткүл өлкө боюнча 30 айдын ичинде 600 миң аялды жана жаңы төрөлгөн балдарды камтыйт”, - деди БУУнун Өзбекстандагы туруктуу координатору Консуэло Видал-Брус.

Гүлнара Каримова Ташкент облусундагы түрмөдө отурат. Ага "Опузалап мүлктү менчиктеп алуу", "Ысырап кылуу", "Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдоо" беренелери менен айыптар коюлган. Каримова 2020-жылы 18-мартта 13 жыл, төрт айга эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNew.kg 

Последние новости