www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы өлкөдө төңкөрүш даярдалып жатканын билдирди. Атайын кызматтын билдиришинче, кутумчулар – Саакашвилинин өнөктөштөрү жана Украина тарабында согушуп жаткан грузин аскерлери.
Бирок ведомство бул билдирүүнү тастыктай турган эч кандай далил жарыялай элек.
Маалыматка караганда, Грузиянын аймагында жана анын чегинен тышкаркы жерлерде иш алып барган адамдардын тобу быйыл октябрь-декабрь айларында баш аламандык уюштурууну пландоодо. Атайын кызмат алардын түпкү максаты бийликти күч менен алмаштыруу болуп саналат деп эсептейт. Мамлекеттик коопсуздук кызматы операция Еврокомиссия Грузиянын Евробиримдикке кошулушунун келечеги тууралуу баяндамасын жарыяланган учурда башталышы мүмкүн экенин белгилейт.
"Кутумчулар жарыяланган корутунду терс болот деп күтүшүүдө. Бийликтегилер "орусиячыл" деген жалган тезистен пайдаланып, социалдык толкундоолорго жана андан кийинки баш аламандыктарга негиз түзүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Пландын авторлору – Грузиянын мурдагы ички иштер министри Вано Мерабишвилинин орун басары Георгий Лорткипанидзе, Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин мурдагы күзөтчүсү Михаил Батурин жана Украинадагы “Грузин легионунун” командири Мамука Мамулашвили экени айтылды.
Грузия бийлиги “кутумчулар” өздөрүнүн планын чет өлкөлөрдүн колдоосу менен ишке ашырууну каалап жатканын кошумчалайт.
Ведомство уюштуруучулар 2014-жылы Украинада болгон Евромайданга окшош сценарийди кайталашы мүмкүн деген божомолун билдирет.
“Азаттык” радиосунун грузин кызматы “Грузин легионунун” командири Мамука Мамулашвилиден атайын кызматтын билдирүүсүнө комментарий берүүнү сураганда, ал кыскача: “Алар акмактар”, - деп жооп берди.
Акыркы 10 жылдан бери Грузияда орусиячыл “Грузин кыялы” партиясы бийликте. Бул убакыттын ичинде бийлик оппозиция лидери, мурдагы президент Михаил Саакашвилинин камалышын камсыздап, Грузияда болуп өткөн нааразылык акцияларынын бир нече толкунун күч менен басты.
Булак: NazarNew.kg