www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммад Сулайман Аль Джассер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, Кыргызстандын аймагында ИӨБ менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле мындан ары өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү тууралуу пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Кыргызстан Ислам өнүктүрүү банкы менен болгон кызматташууга артыкчылыктуу маани берерин белгиледи, жана өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрсөтүп жаткан колдоосуна ыраазычылык билдирди.

Тактап айтканда, Садыр Жапаров 26 инфраструктуралык долбоордун каржыланышын баса белгиледи.

Өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрүн белгилеп жатып, мамлекет башчысы 2022-жылы калктын жашоо деңгээли жогорулаганына басым жасады.

Баарлашуу маалында Садыр Жапаров бүгүнкү күндө кайра жаралуу учурунда турган - Кыргызстандын энергетика тармагына өзгөчө көңүл бурду. Ал жакынкы 5 жылдын ичинде кубаттуулукту бир кыйла көбөйтүү жана жаңы ГЭСтерди куруу менен негизги генерациялоочу кубаттуулуктарды реконструкциялоо боюнча ири долбоорлордун бүтүндөй бир программасы ишке ашырыларын белгиледи. «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу” долбоору Борбор Азиядагы эң ири энергетикалык объектилердин бири болуп саналат.

Президент бүгүнкү күндө Кыргызстан суу ресурстарына бай өлкө болгону менен өлкөнүн суу-энергетикалык ресурстарынын 13% гана пайдаланарын белгиледи. Азыркы учурда мамлекет өз күчү жана инвесторлордун жардамы менен жакынкы жылдары өлкө боюнча 50дөн 100гө чейинки чакан ГЭСтерди, анын ичинен жылдын аягына чейин 16сын ишке киргизет.

Мындан башка мамлекет башчысы транспорт секторундагы «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбооруна токтолду, анын ишке ашырылышы өлкө экономикасынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизип, калкка көрсөтүлүүчү транспорттук кызматтардын кеңейишине салым кошот.

Өз кезегинде Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад Сулайман Аль Джассер Садыр Жапаровго биргелешкен жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, банктын Кыргызстан менен кызматташуусунун жогорку деңгээлин баса белгиледи.

Ал мындан ары да эки тараптуу өз ара аракеттенүү чөйрөсүн кеңейтүүгө, ошондой эле эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даярдыгын билдирди.

Мухаммад Сулайман Аль Джассер Кыргыз Республикасынын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн таасир калтыруучу жакшы статистикасын канааттануу менен айтып, бул көрсөткүчтөрдүн бардыгы өлкөгө чоң кредиттик каражаттарды тартууга шарт түзөрүн белгиледи.

ИӨБ башчысы Садыр Жапаров белгилеген долбоорлорду артыкчылыктуу деп канааттануу менен белгилеп, ошондой эле Кыргызстандын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоордук кызматташтыкты ийгиликтүү улантууга үмүт артарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости