www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР УКМК тарабынан Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Талас облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Н.А. атту жаран Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан алып келинген баңгизатын сатуу менен алектенгени аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча, чогултулган материалдардын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Н.А.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 7,5 кг болгон өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар (болжолдуу түрдө “Марихуана”) табылып, алынган.

Учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости