www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин маалымат каражаттарында, Телеграм-каналдарда Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун ден соолугуна байланыштуу өлүү-тирүүсү боюнча ар түрдүү маалыматтар тарап жатканын бир нече булактарга шилтеме берип жазды.  

Айрымдары анын "көз жумганын" жазып жиберди. Кремль бул маалымат тууралуу бере элек. 

Алгач NIYSO Телеграм-каналы Кадыров эсин жоготуп комага түшкөнүн 15-сентябрга караган түнү жазды. Буга удаа эле Башкы чалгын кызматы Кадыровдун "абалы өтө оор экенин" кабарлады. Эртеси күнү украиналык «Обозреватель» басылмасы чечен диаспорасындагы өз булактарына таянып, Кадыров бир нече күндөн бери комада экенин маалымдады. "Верстка" басылмасы Кадыровго таандык учак сентябрдын башынан бери үч жолу Москвага учканын, 15-сентябрда орус баш калаасына барган бойдон кайтпаганын кабарлады.

Кадыровдун абалы тууралуу айың кептер тарап жатканда орусиялык ВЧК-ОГПУ Телеграм-каналы 17-сентябрда Москвадагы президенттин иш башкармалыгына караштуу борбордук клиникалык ооруканага чечен номурлуу автоунаалар бир күн кечке каттаганын жазды.

Ал эми чеченстандык оппозициячыл активист жана укук коргоочу Абубакар Янгулбаев ошондо эле өзүнүн Телеграм-каналына Кадыровдун көз жумганын кабарлап жиберди. Янгулбаев жогорку маалыматты качан кайдан алганын ырастаган эмес.

Анткен менен 18-сентябрда Кадыровдун Телеграм-каналында анын сейилдеп жүргөн видеосу чыкты. Чеченстандын башчысы анда өзүнүн өлүмү же ооруп жатканы тууралуу маалыматтарды четке кагып, жаан алдында сейилдеп жүргөнүн айтып, спорт менен алектенүүгө кеңеш берген.

«Эхо Москвы» радиосунун мурдагы редактору Алексей Венедиктов өз булактарына таянып, Кадыров Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканага гемодиализге келгенин, анын бөйрөгүндө илдети бардыгын жазды.

Буга чейин «Новая газета» басылмасы Кадыров өпкө жана бөйрөк оорудан жабыркап жатканын, мындан улам ал такай диализге муктаж экенин жазган. Украин Батыш басылмалары Кадыровдун каза болду деген таризде байма-байма маалымат бергени менен азырынча так маалымат ачыкка чыга элек.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости