www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кош бойлуу экенин билбеген кытайлык аял ичи ооруп жатканын айтып, капысынан дааратканада төрөп салган. Бул тууралуу Thaiger басылмасы билдирди.
Цзянсу провинциясынын Янчжоу шаарынын тургуну Чэнь аттуу аял 12-сентябрда ичи катуу ооруп жатканына арызданып ооруканага кайрылган. Консультация учурунда дарыгерлер кытайлык аялдын курсагын байкашкан, бирок ал кош бойлуу эместигин айткан.
Чэндин ичи катуу ооруп, күйөөсү экөө дааратканага барышканда төрөп салганын билген. Күйөөсү дароо дарыгерлерди жардамга чакырган. Алар эне-баланы жандандыруу бөлүмүнө алып кетишкен.
Акушердик жана неонатология бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жаңы төрөлгөн кыздын териси кызгылт көк түстө экенин жана дем алуусу бир калыпта эместигин байкашкан. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин баланын абалы турукташкан. Дарыгерлер 3,5 килограмм салмактагы кыз дени сак төрөлгөн деген жыйынтыкка келишкен.
Кийинчерээк дарыгерлер Чэнь бир жыл мурун кесарево жолу менен уул төрөгөнүн билишкен. Ал экинчи кош бойлуулук учурун биринчи төрөттөн кийинки ашыкча салмак деп ойлогонун айткан.
"Чэнь жолдуу экен. Жалпысынан, кесарево операциясынан кийин кош бойлуулуктун коопсуз мөөнөтү эки жыл. Эгерде операциядан кийин бир жылдын ичинде кош бойлуу болуп калса, жатын түтүгүнүн үзүлүп кетүү коркунучу бар", - деген оорукананын төрөт бөлүмүнүн башчысы.
Булак: NazarNews.kg