www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким Чен Ын Россиядан Түндүк Кореяга кайтып келди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россиядагы алты күндүк сапарынан кийин Пхеньянга кайтып келди. Ал атайын поездде Россия менен чек арага жакын жайгашкан "Туманган" чек ара темир жол станциясына барганын РИА Новости Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттигине таянуу менен билдирди.

“ДПКнын Башкы катчысы, КЭДРдин Мамлекеттик иштер боюнча Төрагасы, урматтуу жолдош Ким Чен Ын Россия Федерациясына расмий достук сапарын аяктап, 18-сентябрда таңга маал Туманган чек ара бекетинен өттү. Жолдош Ким Чен Ын Россия Федерациясынын Хасан чек ара бекетинен өтүп, Туман дарыясынан өткөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Агенттик кошумчалагандай, Түндүк Корея лидери сүйүктүү элине жылуу салам жолдоду. Ким Чен Ын Россияга жасаган иш сапары менен Россиянын президенти менен жолдоштук жана достук байланыштарын бекемдеп, корей-орус мамилелеринин өнүгүшүнүн жаңы барагын ачканы белгиленген.

КЭДР башчысынын Россияга сапары дээрлик бир жумага созулду. Бул убакыттын ичинде Ким Чен Ындын поезди Россиянын темир жолдору менен төрт миң километрден ашык жол жүрдү. КЭДРдин башчысы “Восточный” космодромунда Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү, андан соң Комсомольск-на-Амуре жана Владивосток шаарларына барды. Ал ТУ-214 жүргүнчү учагы менен таанышып, Мариинский театрынын Приморский сахнасында “Уйкудагы сулуу” балетине күбө болду.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости