www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Клуб главного редактора» берүүсүндө Биология илимдеринин доктору Галина Нечитайло генетикалык модификацияланган азыктардын (ГМО) жана экологиялык көйгөйлөрдүн коркунучу тууралуу коңгуроо какты
Анын айтымында, ГМО азыктары дүйнө жүзүндө кеңири тарап, адамдардын организмге терс таасир тийгизип жатат. Керектөөчүлөр көп учурда азыктардын курамына көңүл бурбай, эмне жеп жатканын билбей калышты.
Окумуштуу заманбап өндүрүш көлөмдү көбөйтүүгө багытталып, бирок сапатка, азыктын тазалыгына көңүл бурулбай калган жагдай олутту көйгөй болуп жатканын белгиледи. Мындан улам, ал табигый азыктарды тандап, жөнөкөй тамактануу ыкмасын карманууну сунуштайт.
Мындан тышкары, эксперт экологиялык көйгөйлөр күчөп, табигый кырсыктар көбөйүп жатканын айтып, адамзаттын жаратылышка ашыкча кийлигишүүсү планетанын келечегине коркунуч жаратып жатканын билдирди.