www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдин аскерлери Ливандын аймагында мародерлук кылып жатканы дүйнөгө дүң этти. Haaretz басылмасы, аскерлер жергиликтүү тургундардын үйлөрүнөн машина, тиричилик техникасын, эмеректерди жана башка мүлктөрдү алып чыгып жатканы тууралуу күбөлөрдүн сөздөрүн жарыялаган.
Маалыматтарга караганда, Ливандын түштүгүндөгү ондогон айылдардан тургундар чыгып кеткенден кийин, бул аймактар “коопсуздук зонасына” айланып, бош калган үйлөр мародерлукка дуушар болууда.
Расмий түрдө ЦАХАЛ мындай аракеттерди айыптап, териштирүү жүрүп жатканын билдиргени менен, сынчылар көзөмөлдүн жетишсиздигин жана командирлер тарабынан чара көрүлбөй жатканын айтышууда. Ошондой эле айрым маалыматтарда чек арадагы текшерүү пункттарынын алынып салынышы мародерлукту көзөмөлдөөнү алсыратканы айтылат.
Эксперттер мародерлук эл аралык укукка каршы келерин, мындай аракеттер согуш кылмышы катары бааланарын эскертишет.