www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Бишкек шаарынын борбордук мечитинин жанында көп аялдуулукту кылмыш жоопкерчилигинен чыгаруу демилгеси боюнча кол топтолуп жатканы тууралуу видео тараган.
Бул факты катталып, териштирүүгө чейинки текшерүү иштери башталганын Бишкек ИИББынан билдиришти.
Текшерүүнүн алкагында аталган акцияга катышкан бардык жарандар, анын ичинде диний ишмер Өзүбек ажы Чотонов түшүндүрүү маегине чакырылды.
Мындан тышкары, милиция кызматкерлери жарандарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көп аялдуулук кылмыш жоопкерчилигине алып келерин түшүндүрүштү.