www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гонконгдогу турак жай комплексиндеги өрттөн каза болгондордун саны 55ке жетти. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телевидениеси билдирди.

Акыркы 17 жылдагы эң катуу өрт кечээ Ван Фук Корт турак жай комплексинин көп кабаттуу имараттарын каптады.

"Өрттөн 55 адам каза болду", - деп айтылат билдирүүдө.

Жергиликтүү бийлик болжол менен 700 тургун коопсуз жайларга эвакуацияланганын билдирди. Турак жайды башкаруу мекемесинде иштеген үч киши кызматына кыянат мамиле жасаган деп шектелип, камакка алынды.

Ушул тапта тилсиз жоо толугу менен өчүрүлө элек. Аны менен күрөшкө 100дөй өрт өчүрүүчү машине, 700дөй куткаруучу жана медкызматкер, 60тай "Тез жардам" автоунаасы тартылды.

Таи Порайонунда жайгашкан комплекс отуз кабаттуу сегиз имараттан турат. Анын жетөөсүн өрт каптады. Жалпы комплексте эки миң батир бар жана ал жакта болжол менен 4800 киши жашайт.

Социалдык тармактарга тараган видеолордон өрт бири-бирине жакын жайгашкан имараттарга өтө тез жайылганын көрүүгө болот. Тилсиз жоонун тез тарашына имараттардын тышын каптаган бамбук жыгачтары да себеп болгон.

Гонконгдо курулуш жана оңдоо иштеринде бамбук кеңири колдонулат.

Последние новости