www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грециянын Улуттук Коргоо министри Никос Панайотопулос грек-түрк жаңжалынын чечилиши куралдуу тирешүүгө алып келиши мүмкүн деп билдирди. Грек армиясы буга толук даяр экенин РИА Новости жазып чыкты. Анын айтымында, катаал билдирүүнүн себеби акыркы кездерде Түркиянын провокациялары көбөйүп кетти.

Буга чейин, Түркия Греция аралдарына жакын жерде көмүр суутек кендерин иштетүүгө лицензия алгандыгын айткан. Греция бийлиги түрктөр Грециянын континенталдык текчесинде минага бара жатышканын белгилеп, уруксат берүүнү "провокация" деп атады.

Коргоо министри Никос Панайотопулос Түркиянын акыркы убакта "агрессивдүү" болуп жаткандыгын, бирок Грециянын "мындай жүрүм-турумга туруштук берүүгө" жолу бар экендигин белгиледи.

"Бир жагынан, бардык дипломатиялык куралдарыңызды колдонуңуу, экинчи жагынан, Куралдуу Күчтөрдүн кармоочу күчүн көбөйтүу", - деп түшүндүрдү ал.

Журналисттер анын сөздөрү Грециянын согуштук аракеттерди жүргүзүүгө даярданып жаткандыгын билдиреби деп сураганда, Панайотопулос "Туура!" деп жооп берип, Греция бийлиги согушту каалабастан, өз өлкөсүнүн суверендуу укуктарын коргой тургандыгын баса белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости