www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандагы бюджеттик мекемелердин кызматкерлери менен студенттер Куран китебинин өрттөлүшүнө каршы Грозный шаарында өткөн митингге катышууга милдеттендирилген. Бул тууралуу "Кавказ.Реалии" басылмасы калаа тургундарына шилтеме кылып кабарлады.

Волгоград шаарындагы мечиттин алдында мусулмандар үчүн ыйык деп эсептелген Куран китебин өрттөө учуру тартылган видео социалдык түйүндөргө 19-майда жарыяланган.

Грозный шаарындагы митингде сүйлөгөн Чеченстан парламентинин төрагасы Магомед Даудов "мусулмандардын сезимине акаарат келтирген" акцияны Украинанын жана Батыш өлкөлөрүнүн атайын кызматтары каржылаганын билдирди. Ошол эле маалда ал бул сөздөрүнө эч кандай далилдерди келтирген жок.

Чечен бийлигинин маалыматына караганда, митингге жалпысынан 60 миң киши катышты. Алар колдоруна Рамзан Кадыровдун сүрөттөрүн жана "Ыйык китепке тийбе!", "Менин диним – менин жашоом!" деген жазууларды кармап турушту.

Грозный шаарында окуган студенттердин бири "Кавказ.Реалии" сайтына билдиргендей, окуу жайдын жетекчилиги алардан түшкү саат экиге калаанын борборуна чогулууну талап кылган. Тургундар өлкөдөгү мамлекеттик мекемелер менен мектептер да жогору жактан ушундай тапшырма алышканын билдиришти. Алар митигге бир нече адамдан жөнөтүүгө милдеттендирилген.

Жергиликтүү ЖМКлар кабарлагандай, 23-май күнү эртең менен "Чеченстандын жүрөгү" деген мечитке да миңдеген тургун чогулуп, Курандын өрттөлүшүнө нааразылык билдиришкен.

"Динге ишенген адамдардын сезимине акаарат келтирүү" беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Волгограддын 19 жаштагы тургуну Никита Журавель кармалган. Ал күнөөлүү деп табылса үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Дүйшөмбү күнү жергиликтүү сот аны эки айга – 20-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Сотто Журавель мусулмандардан кечирим сурап, өз кылганын "өтө жаман иш" деп атаганы кабарланган.

Тергөөнүн версиясына ылайык, Журавель Куранды украин атайын кызматынын тапшырмасы менен 10 миң рубль үчүн өрттөгөн. Мындан тышкары ал шаардагы аскердик объектилерди видеого тартканын да мойнуна алган.

Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин бул ишти Чеченстандын тергөөчүлөрүнө өткөрүп берүү тууралуу буйрук чыгарды. Анын айтымында, буга "Чеченстандын тургундарынан аларды жабырлануучу деп таануу өтүнүчү менен көптөгөн кайрылуулар келгени" себеп болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости