www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын мурдагы президенти, Украинанын реформалар боюнча Улуттук кеңешинин аткаруучу комитетинин төрагасы Михаил Саакашвили “Азаттыкка” курган эксклюзивдүү маекте Грузиядагы реформалардын тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргызстандын жаңы бийлигине бир катар кеп-кеңештерин айтты.

--"Кыргызстанда былтыр октябрда элдик толкундоолор болду. Жарандык активисттер, саясатчылар, миңдеген киши көчөлөргө чыгып, шайлоонун бурмаланышына, коррупцияга каршы нааразылыгын билдиришкен. Ошондон кийин бийлик алмашты. Жаңы бийлик элдин ишнеимине ээ болуу үчүн кандай аракет көрүүгө тийиш?

Мен ошол окуяларга кунт коюп байкоо салып турдум. Биринчиден, Кыргызстанда регион үчүн көнүмүшкө айланган, тилекке каршы, Грузиядагы соңку бир нече шайлоодогудай окуяларга күбө болдук. Добуштарды жөн эле сатып алышат. Жергиликтүү олигархтар добуштарды 15, 20, 25 долларга сатып алышат. Добушун саткан шайлоочулар бийликти колдойт дегенди билдирбейт. Алар муну менен өзүнүн кайдыгерлигин гана көргөзүшөт. Эртеси эле алар бийликке каршы чыгышат. Бишкекте мына ушундай окуя болду. Эл, анын ичинде добуштарын саткандар, көчөлөргө чыгышты да, мурдагы бийлик менен кош айтышты. Бул азыркы бийлик үчүн жакшы сабак болушу кажет. Мен жаңы бийликке, азыркы президентке ийгилик каалайм. Себеби ал абдан кызыктуу инсан. Албетте, эр жүрөк инсан. Өз эркиндигин, өмүрүн тобокелге салып, мекенине кайтып келди. Адилетсиз камалып, кыйынчылыктарды башынан кечирди. Өз принциптери, эли, өлкөсү үчүн күрөш эмне экенин жакшы түшүнөт. Менин пикиримде азыр улуттук жарашуу зарыл. Бардык күчтөр менен сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн түзүү үчүн мен алардын ордунда болсом, кеңири бир мунапыс жарыяламакмын.

Экинчиден, мүмкүнчүлүктөр терезеси тез эле жабылып каларын эстен чыгарбаш зарыл. Жаңы бийлик эски советтик, бюрократиялык структурадан, аткаминерлердин жем жеген акырына айланган системадан, мамлекеттик аппараттын феодалдык түзүлүшүнөн арылууга тийиш. Бул үчүн аларда кеминде алты айдан бир жылга чейин гана убакыт бар", - деди Михаил Саакашвили.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости