www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында 12-февралда “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи фазасы ишке киргени турат. Жол эрежесин бузуудагы айып пулдар күчүнө киргени калды. “Бул айып пулдарды төлөө башталганда эл жаңы эрежени кандай кабыл алат? Бул эрежени кабыл алууга элибиз даярбы? Айып пулдардын баасы эмнеге жогору? Кайсы өлкөлөрдүн үлгүсүндо бул долбоор ишке ашып жатат?” ж.б. суроолор менен “Коопсуз шаар” долбоору боюнча мониторинг борборунун жетекчиси Гүлмира Баратова менен маек курдук.

-- “Коопсуз шаар” долбоорунун негизинде камерага түшкөн айып пулдарды төлөө ишке ашканы турат. Биз буга даярбызбы?

-- Жаңы кодекстин негизинде жол эрежелерин бузгандардын баарына айып пулдар каралды. Азырынча сегиз эреже бузуу боюнча айып пул төлөө ишке аша баштайт. Камераларга түшкөн эреже бузгандардын баары мониторинг борборуна келип түшөт. Ошонун негизинде биз токтом чыгарып, “Кыргызпочтасына” жөнөтөбүз. “Кыргызпочтасы” ошол токтомдо катталган автонун ээсине жеткизет. Айып пул тууралуу маалыматты жеткизгенден кийин бир айдын ичинде эреже бузуучу айып пулду төлөп коюшу керек. Бир айдын ичинде айып пул өкмөткө түшпөсө, үстөк төлөм кете баштайт. Мисалы, миң сом айып пул салынса, ал төлөнбөй жүрө берип дагы миң сом кошулат. Андан кийин иш сотко өтөт. Айып пулду убагында төлөөдөн башка чара жок. Айып пул – бул салык эмес. Каалайсыңбы-каалабайсыңбы салыкты төлөйсүң. Айып пул андай эмес. Эреже бузбасаң төлөбөйсүң. Эч ким кыйнабайт.

-- Мисалы, айдоочулар кайсы эреже бузууларга көбүрөөк кабылышы мүмкүн?

-- Коопсуздукту сактоочу курду тагынбай, аны эреже бузуу катары кабыл албай көп учурашат. Бул эрежени бузуу биринчи категорияга кирип, миң сом айып пул төлөө каралган. Азыр дагы ЖКда каралууда. Ушул эле коопсуздукту сактоочу курга айыл жеринде үч миң, шаар ичинде миң сом экени талкууланып жатат. Айыл ичинде ылдамдык катуулайт. Шаар ичинде тыгында андай ылдамдык менен айдай алышпайт.  Канчалык ылдамдык жогору болсо, жол кырсыктары да ошончолук оор болот. Өлүмгө алып келет. Бул айып пулду аягында дагы кандай чечишет, бир чечимге келишеби же ушул бойдон калабы, бул маселе Жогорку Кеңештин жыйындарында каралат. Жолчырактын алдында кыйгачынан кеткен ак сызык бар. Жөө адамдар кооптонбой тынч өтүшү үчүн ошол токтотуучу сызыктан эреже бузулбашы керек. Жолчырак күйгөндө убагында токтоп калбай, жөө жүргүнчүлөрдүн түбүнө чейин келип калышат. Ошол эреже бузууга 2 миң сом айып пул салынат. Ушул эреже бузуу да айдоочулар арасында көп учурайт. Биз азыр мониторинг борборун ачып, иш жүрө баштаганда кайсы эрежелер боюнча бузуулар көп катталары дагы так аныкталат.

-- Жумушсуздук, жарыбаган маяна, элдин төмөн жашоо деңгээли, бузбайын десе да бузуп алып, айыпка кабылып, карапайым элдин чөнтөгүнө көп эле күч келгени турат...

-- Жогоруда айтып кеттим, бул салык системасындай эмес. Ар бир жаран чөнтөгүн ойлойт. Эгерде менин акчам бар болгон күндө деле жөн эле айып пулга бергим келбейт. Айып пул төлөгүң келбейби, аракет кылып, эреже бузбай айдаганга үйрөнүшүбүз, көнүшүбүз керек. Мен эреже бузбай жакшынакай айдасам, чөнтөгүмдөн эч ким айып пул тартып ала албайт да. Ар ким эртеңин ойлогондо айып пулга учурабайт. Ошону менен адамдар жабыркабайт. Ошону менен адамдардын өлүмү, жол кырсыктары азаят. Мисалы, бай болгон күндө деле акылсыздыгымдан акчамды айып пулга алдыргым келбейт. Ошон үчүн митинг, көтөрүлүштүн кереги жок. Бир да жаранды айып пулду төлөөгө аргасыз кылбайт. Мажбурлабайт. Бул өзүбүздөн болот.

-- Эрежелер кайсы өлкөлөрдүн үлгүсүндө, кандай негизде кабыл алынды? Бул эрежелер ишке ашкан өлкөлөрдүн айлык акысы, жашоо деңгээли менен биздин өлкөнүн жашоо деңгээлин салыштыруу болдубу?

-- Мисалы, Казакстанда “Коопсуз шаар” долбоору, камералар ишке киргенине бир топ жыл болду. Мындай эреже коңшулаш өлкөлөрүбүздө, жадагалса кичинекей Арменияда да бар. Арменияга 2015-жылы бардым. Ошондо баардыгы МАИде иштеген адамдарга чейин коопсуздук курун тагынып, эрежелерди сактап жүрүштү. МАИ кызматкеринин автоунаасында жүрүп, “жол эрежесин аябай сактайт экенсиңер” дегенимде, “биз камера менен сүйлөшө албайбыз, камерага МАИде иштейт деген күбөлүгүмдү көрсөтө албайм. Мага да айып пулдар келип жатат. Ошон үчүн эрежени сактайм” дейт. Арменияда 2015-жылы бул айып пулдар төлөнүп баштаган. Мисалы, алардын жашоо турмушу биздикинен жогору эмес. Европаны, Жапония, Кытайды айтпай эле коёлу. Өнүккөн өлкөлөрдө ошон үчүн жол кырсыктары, өлүмдөр аз. Бизде жол кырсыктарынан канча деген кырчындай жаштарыбыз, балдарыбыз майып болуп, өлүмгө учурап калып жатышат. Ошондуктан, бул эрежелер, “Коопсуз шаар” долбоору бир топ жыл мурун ишке ашканда, көп жарандарыбызды кырсыктардан сактап калмакпыз.

Жамиля Нурманбетова

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости