www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Орусия Федерациясындагы элчиси Гүлнара-Клара Самат алгылыктуу ишин керсөтө албай, протоколго гана чектелип, чайналып жатканын Москвадан кабарлашты. Бир кызматта туруктуу, демилгелүү ишин көрсөтө албаган айымдан эмнени күтсөк болот? Бакиевдин режиминде БШКны жетектей коюп, былыгы чыккандан кийин Орусияга качып кеткен.

Атамбаевдин доорунда Текебаевдин тилин таап, аз убакыт «Ата Мекен» партиясынан депутат катары төш белги тагынып, ошол эле учурда «Мекенчилге» секирип, айтор, баш айланткан жүрүштөрдү жасаган.

Октябрь төңкөрүшү Гүлнара-Клара Саматтын бактысын ачты. Чуркап жүрүп Москвага элчи катары эрмешип, бирок жарытылуу кызматын бийликке, элибизге да көрсөтө албай, кыйналып жатканы кандай?

Мындай кадрдын айынан эки мамлекеттин мамилеси солгундап, кедери тийип калбайбы? Министр Руслан Казакбаевдин көзү баарына жетип турса да, эмне үчүн бул элчинин дараметсиздиги жагынан үн катпайт? Кыскасы, күмөндүү ойлордун түйүнү чечилиши зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости