www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кадыр Кошалиев: “Биздин элдин көкүрөгүндө эркиндик бар”

“Биздин элдин көкүрөгүндө эркиндик бар”, - деди NazarNews маалымат агенттигине “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.

--“Билгенге элдин эгемендиги, мамлекеттүүлүгүнүн болушу чоң бакыт. Элинин саны 40-60 миллиондон ашса да өзүнчө мамлекеттүүлүккө жетише албай азаттык үчүн кармашта канга боелуп, күрөшүп келе жатышкан дүйнөдөгү көптөгөн элдердин тагдыры ага айкын күбө. Калкыбыздын саны салыштырмалуу аз экендигине карабай 30 жылдан бери өзүнчө мамлекет катары түтүн булатып, БУУда желегибиз желбиреп турганы чоң олжо, кунар баасы ченемсиз дөөлөт. Болгону ата-бабаларыбыз кылымдап эңсеп келген азаттык Алла Тааланын буйругуна жараша көктөн тилегенибиз жерден табылгандай жеңил баада колубузга тийгендиги албетте бир жагынан жагымдуу көрүнүш болсо, бир жагынан эгемендиктин накта  баркына эмдигиче жетпей жаткандыгыбыздын себеби да ошондон улам болду окшойт. Ошону менен катар Казакстан, Өзбекстанга караганда биздин элдин көкүрөгүндө эркиндик бар. Канчалаган дүйнө элдери ойлорун ачык айта албай жүрүшөт. Биздин элдин чоң артыкчылыгы ушунда. Бул - эркиндик”, - дейт “Кыргыз жолу” коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости