www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин депутаттарынын көтөрүп жаткан маселелерине ичи чыкпаган ырчы Гүлнур Асанова социалдык баракчасына депутаттарды сынга алган пикирин жазды. Ырчынын пикири төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Мен ушул депутаттардын киргизип жаткан сунушун, көтөрүп жаткан маселелерин канчалык аракет кылсам да түшүнө албай жатам! Айланынайын, жепжутаттар, ой депутаттар, эмнеге курч маселелелерди көрбөйсүңөр? Чек ара, Кумтөр, бажы жана башка кылаарга ишиӊер жок болсо, жок дегенде жөн эле креслоӊорго отуруп кеткилечи!

Кыргызстандын атын силерге караганда спортсмендер, өнөр адамдары өз каражаттарын коротуп, намыска бек туруп, желегибизди желбиретип, мекенди таанытып келет! Анан араңдан бөлүнүп берген батирге ичиңер өтүп, парламентке көтөрүп чыкканыӊар акылга сыйбаган нерсе! Мамлекетке жасаган эмгеги үчүн болдубу квартира, болду ал киши дүйнө салса балдары жашап калсын! Көзү тирүүсүндө талашып баштаганыӊар акылга сыйбайт! Уят эле! Кеткилечи депутаттар!

Эшектин бир нерсесин түйө албайт экенсиңер же чече албайт экенсиңер! Тфу! Силерге казынадан айлык бөлгөн да "жалко" экен! Татыктуу эмес экенсиңер! Элдин кызыкчылыгын ойлобогон, өзүңөрдүн бизнесиӊерди коргоо үчүн барат десе ишенгим келбечү…. Сабатсыз, билимсиздер чогулуп, болбогон нерсеге «ЧАКУРУК» жасайсыӊар! Мен силер үчүн уялдым бүгүндөн баштап! Ошол үчүн мелдештерге башка мамлекеттин атынан чыгып жаткандарды эми түшүнүп жатам! Качан оңолобуз? Жок дегенде балдарым көрүп калаар бекен жаркын келечекти!", - деп жазып, бильярд боюнча дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаевдин сүрөтүн тиркеген.

Эске салсак, кечээ, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Туракжай кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу сөз болгондо депутат Марат Аманкулов сапортчунун жана башкалардын мамлекет тарабынан берилген үйгө ээлик кыла турган документтери жок экенин айткан. Буга чейин спортчу Айсулуу Тыныбековага мамлекет тарабынан берилген батирдин тегерегинде чуу чыгып, спортчу кыз комментарий берип жатып, аталган батир тууралуу сөз кылгысы келбей турганын, анын буга чейин жашап келген жана жашай турган жайы бардыгын айткан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости