www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов жылдык отчетун берип, депутаттардын суроосуна жооп берди.

Жыйында депутат Кожобек Рыспаев Кыргызстан профсоюздар федерациясынын маселесин көтөрүп чыкты.

“Ондогон, томдогон кылмыш иши козголгон профсоюзду эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин көзөмөлгө алып, текшертпей жатасыңар. Биз депутаттар миллиондогон акчалар кумга сиңгендей кетип калды деп атабыз. Иштен кыскарып, соттон кыскарып, бүгүнкү күндө “висячий” болуп турат”,-деди Кожобек Рыспаев.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өз кезегинде Просоюздар федерациясы коомдук уюм болгондон кийин, аны коом чечээрин айтты.

Кожобек Рычпаев башкы прокурорго аталган маселени көзөмөлгө алуу тапшырмасын берди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости