www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Сорос-Кыргызстан" фонду Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарын 5000 даана медициналык бет кап, 3000 даана кол кап жана 200 литр "Антисептикалык" жеке коргонуучу каражаттарынан жардам көрсөттү. Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 2020-жылдын 21-май күнү  "Сорос-Кыргызстан" фондунун өкүлдөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарынан жардам катары тапшырышты, бул жардам башкармалыктын бардык кызматкерлерине таратылып берилет.

Өз кезегинде, "СOVID-19" инфекциянын алдын алууда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ЖКККББнын кызматкерлери "Сорос-Кыргызстан" фондуна ыраазычылыгын билдиришти.

Эске сала кетсек, "Сорос-Кыргызстан" Фонду (ФСК) — эл аралык өкмөттүк эмес жеке фонд - ачык коомду куруу үчүн Кыргыз Республикасында шарттарды түзүүгө, тагыраак айтканда 25 жылдан бери коомдук институттардын өнүгүүсүнө жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндөгү демилгелерге колдоо көрсөтүп келе жатат. 

Булак: NazarNews.org

Последние новости