www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-майда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаровду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Судьялар кеңешинин учурдагы ишмердүүлүгү, анын ишин жана жалпы эле сот системасын жакшыртуу боюнча кабыл алынган чечимдер жана белгиленген пландар жөнүндө маалымат берилди.

Судьялар кеңешинин азыркы курамынын биринчи жыйынынан (2019-жылдын 18-марты) тарта 22 жыйын өткөрүлүп, 74 чечим, анын ичинде судьяларга квалификациялык класстарды ыйгаруу боюнча, судьялардын мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө, ошондой эле сотторду, судьяларды жана сот системасындагы башка органдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоого тиешелүү болгон чечимдер кабыл алынгандыгы белгиленди. 

Судьялар кеңешинин төрагасы Нурлан Атаназаров өлкөдөгү жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформалардын  алкагында Судьялар кеңешинин ишмердигиндеги бир кыйла маанилүү багыттардын бири соттор менен судьялардын ишмердигине тиешелүү ченемдик жана ченемдик эмес актылардын долбоорлорун экспертизадан өткөрүү жана иштеп чыгуу болуп саналаарын айтты. 

Мисал катары ал судьялардын штаттык санын оптимизациялоо боюнча мыйзамдарга киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө байланыштуу Кеңеш тарабынан судьяларды которуу (ротациялоо)  жөнүндө жобо иштелип чыккандыгын билдирди.

Ошондой эле ал соттук-укуктук реформанын алкагында соттук актылардын реалдуу, толук, өз маалында камсыздалышы аркылуу сотторго ишенимди жогорулатуу максатында Жогорку Соттун түзүмүнө өзгөртүүлөр киргизилип, эки өз алдынча бөлүм түзүлгөнүн баса белгиледи. Алар: соттордун чечимдерин аткарууга жана анын сапатын көтөрүүгө гана жооп берген Мажбурлап аткартуу кызматы менен сотторду материалдык-техникалык жактан камсыздоого жана сот аппараттарынын кадрдык потенциалын жакшыртууга көңүл бурган Сот департаменти.

Мамлекет башчысы судьялар коомчулугунун кызыкчылыгын жактаган орган катары Судьялар кеңешине судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн гана эмес, жалпы эле сот тутумунун ишин жакшыртуу, судьялардын кынтыксыз жүрүм-турумун, анын ичинде алардын ишмердүүлүгүндөгү ачык-айкындык талаптарын аткаруусун камсыз кылуу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлгөндүгүн айтты.

Сооронбай Жээнбеков судьялар тарабынан өздөрүнүн кирешелери жана чыгымдары жөнүндө толук декларациялоо боюнча ишти күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи. 

Сот реформасынын эң артыкчылыктуу багыттарынын бири жарандардын сот тутумуна болгон ишенимин жогорулатуу жана коррупциялык көрүнүштөрдү  алдын алуу экендигин кошумчалаган Президент бул багытта ишти күчөтүүгө чакырды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле сот тутумун санариптештирүү боюнча ишти күчөтүү, тактап айтканда, бардык сот залындагы жана соттогу электрондук сот өндүрүшүнө  аудио-видео жаздырууну толугу менен киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.

Сот жана сот-аткаруучулук блоктор бөлүгүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринин автоматтык маалымат тутумун ишке ашыруунун өзгөчө маанилүүлүгүнө токтолду.

Жолугушууда ошондой эле коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаалга жараша сот тутумунун 2020-жылга пландаштырган бюджетин кайрадан карап чыгуу маселеси көтөрүлдү.

Белгилей кетсек, Судьялар кеңеши судьялык өз алдынча башкаруунун жогорку органынын саясатын жүргүзүүчү, судьялардын съезддеринин ортосундагы мезгилде иш алпарган судьялык өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Булак: NazarNews.org

Последние новости