www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каарманыбыз өзүнүн арыз-муңун бөлүшүп биздин [email protected] электрондук кат жолдогон. Каарманыбыздын жашоодогу көйгөйүн сиздерге бөлүшмөкчүбүз.
Саламатсыздарбы урматтуу редакция! Атым Гүлшайыр, жашым 28де. Үйлөнгөндөн бери кайната-кайнене менен турабыз. Кайненем келинге өтө катуу. Эмне кылсам жакпайт. Күйөөмдү мага каршы тукуруп эле турат. Акыркы 3 жылда жолдошум кол көтөргөндү адатка айлантып, алды.
Мындан бир жума мурун,өлгүдөй сабады. Соо жерим жок. Көкаламды көрүп кайын-журтум көрмөксөнгө салып, кайра сүйүнгөн сыяктуу. Көзүм канталап калганынан кошуна доктур эжеге барсам, капелярларың жарылып кеткен дейт.
Эмне кылышты да билбейм. Ажырашайын десем 2 балам менен кайда барам. Төркүнгө балдарым менен эмес өзүмдүн батышым күмөн. Чыдайын десем, ур-токмок жеп жүрүп эле өлүп калчудаймын.
Күйөөм такыр эле мал катары мамиле кылат. Өлтүрө сабайт, анан өзүнүн кумарын кандырат. Кеч киргенде ушунчалык заарканып, барам жанына.
Булак: NazarNews.kg