www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарынын тургуну Света Саякбаева 21 жылдан бери үй-бүлөдө кордук көргөн аялдарга жардам берип келет. Ал ушул күнгө чейин 15 миңге жакын аялга жардам берген. «Теңдеш» кризистик борборунун жетекчиси менен аймактык кабарчы таанышты.

«Теңдеш» кризистик борбору 1997-жылдан баштап иштейт. Бул жерде аялдарга комплекстүү кеңеш берилет. Тактап айтканда, юридикалык, медициналык жана психологиялык жактан жардамдар бекер көрсөтүлөт.

«Аял киши болгондон кийин түйшүк, көйгөй көп болот экен. Азыр “Көрүнбөгөн көз жаш” деген долбоор менен иштеп жатабыз. 2 айдын ичинде натыйжа жакшы берүүдө. Бул жакка үй-бүлөдө кордук көргөн аялдар кайрылышат», - деди ал.

Света Саякбаева бир кишинин экинчи аялы болуп тийип, үй-бүлөдө кордук көргөн аял тууралуу айтып берди.

«Бизге бир аял кайрылган. Бир кишиге экинчи аял болуп тийип, 4 бала төрөптүр. Бирок күйөөсү кордук көрсөтчү экен. Мындан улам ал аял төркүнүнө барып, андан кутулууга аракет кылыптыр. Бирок төркүнү "күйөөң менен жаша" деп кайра кетирип жиберишчү экен. Себеби, күйөөсү аларга азык-түлүк алып берип койчу экен. Бул көп жыл мурун болгон окуя. Касымалы Баялиновдун Ажары сыяктуу окуяны элестетет. Бир кап унга Ажарды сатып жиберет го.

Төртүнчү баласы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелип төрөлүп, 2,5 жашка келгенде чарчап калган. Колу-буту жакшы өспөй, башы чоң болуп, баспай калыптыр. Ошентип бул аял бизге кайрылып, тиешелүү жардамдар берилген.

Мындан тышкары адам өлүмү менен коштолгон бир окуя болгон. Аскер кызматында иштеген күйөө медицина тармагында эмгектенген аялын ур-токмокко алчу экен. Эки кызынын айтымында, аталган окуя болгон күнү атасы мас абалда келет. Апасы коркконунан дүкөнгө барып, 1 бөтөлкө спирт ичимдигин алып, анын баарын ичип салат. Андан соң, мештин түбүндө уктап жаткан күйөөсүнүн башын кичинекей отургуч менен чапкылаган. Анын кесепетинен отургучтун жыгачтары жолдошунун башына сайылып, мээси чыгып каза болуп калган. Бул окуяга эки кызы тең күбө болгон. Туугандары бул 2 кызды карабай, үйүнөн кубалап жиберишет. Алар бизге келип жашап жүрүштү. Нарындын бийлигинин кийлигишүүсү менен Чолпон-Атага жибердик, ошол жерде тарбияланышты. Энеси түрмөгө камалды. Ал аял азыр Россияда.

Бир күнү эле мага бир кыз келиптир. Көрсө ал ошол аялдын улуу кызы экен. Мага ыраазычылыгын билдирип, апасы азыр түрмөнүн тили менен сүйлөп калганын айтты», - деди ал.

Булак: "Турмуш"

Последние новости