www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Таласка болгон иш сапарынын алкагында элдин биримдигин арттыруу жана мурдагы өкмөт башчы болгон ишмерлер менен жолугуп өлкөнү өнүктүүгө жол алаарын билдирди. Бул тууралуу маалыматты президенттин басма-сөз кызматы Кара-Буура районундагы жолугушуусунун жыйынтыгы катары таркатты.
Өлкө башчынын мындай ойду Таластан айтканы көпчүлүктү ойго салды. Анткени шайлоодо негизги атаандашы, эски бийлик тарабынан саясий куугунтукка кабылган Өмүрбек Бабанов ал аймактан эбегейсиз көп добуш алган, анын үстүнө экс-премьер эмеспи, балким Бабановдун өлкөгө келишине жол ачабы деген ой жаралат.
Өмүрбек Бабанов шайлоонун жыйынтыгын таанып, жалпы эл тарабынан шайланган Сооронбай Жээнбековду куттуктап, жигиттик сапатын көргөзгөн. Шайлоодон соң маалымат жыйынын өткөрүп, "шайлоо бүттү, тиги же бул партияга чуркаган деп бөлбөй, эми өлкөнүн келечеги үчүн элди бириктирүү керек" деп айткан. Негизи эле Өмүрбек Бабанов конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзө билген саясатчы экенин жалпыбыз билебиз.
Ал эми Президент буга чейинки жарандык коомдун өкүлдөрү, массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери, ишкерлер менен жолуккан.
Булак: NazarNews.kg