www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Гүлзада Шаршеналиива шайлоого аттанып жаткандарга кайрылып, тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Журналисттин билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Таарынбагылачы. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттыгынын баркы ушунчалык кетти. Эмнеден улам айтып жатам? Беш күн депутатка жардамчы болгону деле, беш сөз жазып, ар кайсыл саясатчыны кер какшыкка салганы деле, өзүн блогер атаганы деле, бир автордук долбоор жасабай, редактордун жаз дегенин жазган журналисти деле, алып-сатып беш-он сом топтоп алганы деле, "мен деле депутат болсом жарашат экен" деп астейил сүрөттөрүн жүктөп, өлкөдөгү саясий окуяларга активдүү көз караштарын токуп эле, бир балээ эле болуп баратабыз. Парламенттеги болгону 120 орундун тарпын кетирдик.

Айланайындарым, акылдууларым, намыстууларым, "мен депутат болуп калсам, элдин көйгөйүн көтөрөм" деген эң жеңил жол. Бириң бир Баш мыйзамды баш аягына чейин окуп көрдүңөр бекен? Барып калсам, кандай мыйзам жазам, кайсыл багыттагы мыйзамга толуктоо-өзгөртүү киргизем, элдин жүгун көтөрө аламбы деп ойлондуңар бекен? Тигил деле чуркап жатыптыр, бул деле чуркап жатыптыр. Ал деле болот экен, бул деле болот экен. Отузга чыга элек, ини - сиңдилерим, өтө маанилүү замандаштарым, "өз оокатыбызды" тыңыраак кылалы дагы дараметке жараша дымак күтөлү. Жөн эле "күчмэн" же "күчмэм" боло бербейличи”, - деп жазат журналист өз билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости