www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-июнда Ош шаарында турак жай салуу үчүн жер казып жаткан жаран бир нече кишинин сөөгүн таап алганы тууралуу жергиликтүү басылма жазып чыккан. 

Маалыматка ылайык, окуя 14-июнь күнү шаардагы Южный кичи районунун Жамбыл көчөсүндө болгон. 

"Укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдиргендей, котловандан болжол менен алты кишинин сөөгү табылган. Баарынын баштары жок экени айтылды. Сөөктөрдүн арасында маркумдардын кийимдери жана бут кийимдеринин калдыгы да кошо чыккан. Ал эми бир баштыкта адамдын колунун манжаларынын сөөктөрү да болгон", - деп айтылат маалыматта. 

Ал эми  айтылган сөөктөр адамдын сөөгүбү деген суроо менен биздин редакция Ош ШИИББинин басма сөз катчысы Замир Сыдыковго кайрылды. 

"Сөөктөр табылганы чын. Бирок анын адамдарга же жаныбарларга тиешелүү экенин биз алдын ала айта албайбыз. Аны атайын экспертиза аныктайт. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат", — деди ал.

Сүрөт Зульфия Тургунованага таандык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости