www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
(Аңгеме)
Апамдын гана сөздөрү жадымымда жат болуп, ошол нерселер мага закон болуп жашап келгем. Апам айтчу: «Атасынын эле өзү, түнт, кырс, ичинде болуп жаткан нерсени эгерим сыртка чыгарбайт го, чиркин» - деп калчу. Агам менен иним апамдын айтуусу боюнча атама окшош ал “касиеттерден” кур калышкандай. Балалык акылымда бул мүнөзүмө сыймыктанып, андан ары ого бетер өстүрүп жиберген окшойм. Пайдасынан зыяны көп бул мүнөз менден өмүр бою калбай келет.
Балалыгымда, деги эле өмүрүмдө бир эле кызды жакшы көргөм. Бирок, баягы мендеги мүнөздүн айынан ага айта да алган эмесмин, элдей болуп кат да жазбагам. Кийин калаага келип, жогорку окуу жайларда окуп калдык. Ал кыз менен чогуу борбордо окуп жүрсөм да, бир жолу киного алып барып же бир гүл берген күнүм болгон эмес. Өмүр бою ичимден эле сүйүп келгем. Анын себеби да бар. Ал менден бир класс жогору окучу. Чыкчыңдаган тың, сабакты жакшы окуган кыз болчу. Көздөрү капкара, карагаттай, жылтылдап, күйүп тураар эле. Кишини тик карап, керек болсо ичиңдегинин баарын окуп жаткандай туюлчу. Мен канча аракет кылып, алдынан чыгып бирдеме айтайын дегенимде чыкчыңдап башкарып өтүп кетчү. Ошону менен эч нерсе айта албай кала берчүмүн.
Онунчу классты аяктап жаткан кездери. Ошол кезде “Комсомолдук бригада” түзүп, айылда калып иштейбиз деген нерсе бар болчу. Модага да айланган. Алардын классындагылар бүт ошондой бригада түзүп, айылда калабыз деп жатышканын угуп калып, атайы күтүп туруп, бар күчүмдү жыйнап,: «Калба, андан көрө окууга кет, “бездельник” балдар ала качып кетет », -дедим. Ал көзүн тикчийте карап, аябай жини келип: «Барчы ары жакка, жоголчу», - деди. Бирок, кийин эч кимиси деле айылда антип бригада түзүп, калып, калышкан жок.
Менин ошондогу чебеленгендигимен жок дегенде бир нерсе туйдуң бекен?
Убакыт өтүп жатты. Кийин жашаган жатаканасына келип, жолугууга канчалык аракет кылбайын баягы эле өзүн чоң сезгени калбай, башкарган адаты токтобой, мени бир кичинекей баладай ал-абалымды сурап: «кыйналган жоксуңбу?»,- деп, эжемдей сүйлөп кетип калчу. Ошол-ошол болду.
Дагы бир жолу экөөбүз бир автобуста айылга чогуу кеттик. Ошондо билдим, менин ага болгон сезимимди түшүнбөгөндүгүн. Айылдаш катары эле аркы-теркини сүйлөшүп кетип баратабыз. Шаардан чыккандан баштап ичиме батпаган сезимимди айткым келип, токсон тогуз толгоном. Бирок кантип. Эч нерсе айта албасымды билдим. Ичимен өзүмө жиним келет. Мокок экемин. Айта албадым. Автобус райондун борборуна кирип, андан ары айылды көздөй зымырап жөнөдү. Болгону шаштым кетип, эми түшүп калаарыбызды эстегенимде ичим ачышып, акырын колунун үстүнө колумду коюп, бекем кысып койдум. Жылаан чагып алгандай чочуп, колун тартып алды. Биздин жаштык кездеги кыздардын тарбиясы, тазалыгы укумуш эле го. Көздөрүн тикчийте мага жини келип карады. Бирок эч нерсе деп үн каткан жок. Ошондо, андан көрө бирдеме десе, балким айтылып калат беле?
Экөөбүз эки жакка бөлүнүп, түшүп калдык.
Аттин ай, ошондо бир сездиң бекен, мен байкуштун жан сырын?
Ал кыз турмушка чыгып кетти деп уктум. Кийин ага жолуккан деле жокмун. Окууну бүтүп келип, апам айткан кызга үйлөндүм. Мен ала турган кыз окууга өтпөй калып, үйүндө жүргөн экен. Апам: «Тың кыз, эне-атасы да жакшы кишилер», - деп кулагыма куюп атып, үйлөндүрүп койду. Эл катары жашообуз өтө берди. Бала-бакыралуу болдум. Райондун деңгээлиндеги жетекчилик кызматтардын бирин аркалап келем. Апам дагы : “өзүң менен тең жарышып иштесин”-, деп жатып келинин сырттан окутуп, бүтүрдү. Башталгыч класстын мугалими болуп калды. Үйүбүздө анда - санда гана уруш болбосо, деги эле уруш болбойт. Көп сүйлөшпөй эле жүрө беребиз. Ал менин баягы түнттүгүмө көнүп бүткөн. Эң эле маанилүү нерсе болгондо акылдашып чечпесек, майда-чүйдөнү өз-өзүбүз эле билип жасай беребиз. Анан да кызыгы түндүк жакта деги эле эгерим аялы күйөөсүн “сиз” дебейт да. Менин келинчегим менден беш жаш кичүү болгондуктанбы, жаңы келин болуп келгенде “сиз” деп айтып жүрүп, ошонусу калбай айтып калган. Ошо боюнча азыркы күнгө чейин мен ага “сизмин”.
Мезгил өттү, апам да түбөлүк жайына кетти. Жылдар деген укумуш нерсе экен го, катуу шамаалдай эле, алып учуп жөнөп кеткен. Жылмайып, жылып жылдар далай жашка алып барып салды. Балдарым чоңоюп, эки небереге таята болдум. Күндөрдүн бир күнүндө айлыбыздан чыккан белгилүү, белдүү адам кайтыш болуп, шаарда куран окутуп жатышкан экен. Чакыруу келип, аялым экөөбүз барып калдык. Эл көп. Кирип отуруп калганбыз. Аңгыча менин баягы сезимимде гана жашаган кыз кирип келди. Жанында ээрчитип алган 20лар чамасындагы баласы. Бетим кызарып, дал болуп, көзүмдү албай тиктеп калдым. Бала кезиндеги капкара карагаттай көздөрү ошол эле бойдон экен. Жылдар кээ бир адамдарды аябай өзгөртөт. Каректин нурун өчүрөт. Мындайда мезгил өзүнүкүн алды деп коюшат. Ал эми жылдар кээ бирөөнө дагы сулуулугуна сулуулук кошот экен. Бала кезиндегиден да жакшынакай болуп кеткендей туюлду. Же баягы “жаман көргөндүн бөркү казанбактай, жакшы көргөнүң сабаадагы саамалдай” деген сөз чынбы билбейм. Мага бир башкача кол жеткиздей эле көрүндү.
Апам байкуштун жалан эркек балдары болуп, көп деле үй жумуштарына жардам бере албай жүргөнбүз го. Кээ бирде отуруп, кейип калчу: « Мага Кудай таалаа кыз берген жок»-, деп, бирок ошол замат кайра өз сөзүнөн өзү чоочуп, : «Тобо кылдым, Кудай кечире көр, ущуларды аман кой», - деп көп айтчу. Ошол биз кичирээк кезде апам деле болгону кырк беш, кырк сегиздердеги кези окшойт. Бирок беттерин бырыш баскан, чекесинде да бырыштын терең издери бар эле. Анда апам: «Бул бырыштын баары менин балдарымды жалгыз бой өстүргөнүм, шору каткан атаңардын эрте кеткени, арабаны жалгыз тарткан кыйын күндөрүмдүн изи, мен баскан жолдор, бирок Кудайга шүгүр, аман-эсен чоңоюп алдыңар», - деп калчу. Азыр биз деле өр таянып, бел таянып калдык. Бирок, тиги кыздын бетинде бир дагы жашоонун салган изи жок, жылдар ого бетер татынакай кылып жибергендей туюлду.
Бүгүнкү куран окутуп жаткан үй-бүлөөнүн сыйлуу адамы окшойт, төргө, өйдө жакка ээрчитип жөнөштү. Куран окулуп, тамак желип бүткөнчө менин оюм жалгыз анда калды. Эмне кылсам да жолугам деп жаттым, ичимден. Сыртка чыктык. Аялыма машиненин ачкычын берип:·« барып отура бер, мен бирөөгө жолугам»,- деп калып калдым. Күтүп турсам, бир убакта чыкты. Мени байкабайт. Баласы менен сүйлөшүп, жаныма келгенде аябай шашып кетип, жакшы таанышымдай эки бетинен эки өөп учурашып калдым. Капыл-тапыл чыга калганыма, күтүүсүз жасаган аракетиме таң калып, дагы эле баягы чыкчыңдаган адаты калбай, тыкчыйа тиктеп калды. Ар кайсыны сурамыш болом, бирок, эгерим сүрдөбөгөн мен сүрдөп чыктым. Жумуш каякта экенин, балдарымды, үй-бүлөөмдү сурады. Тез эле кой анда деп, жөнөй турган болуп калды. Шашканымдан коштошуп, дагы эки бетинен эки өптүм. Эми чындап тан калды. Качантан бери экөөбүз минтип учурашып, минтип коштошуп калдык эле дегендей мага тик карап, суроолуу тиктеп, жылмайып коюп, басып кетишти. Денем ымыр-чымыр. Бетимен бери ысып кетти. Жаш баладай бир бутумду алдыга, бир бутумду артка таштап секирип баскым келип турду. Ушунча кубанып баратам. Өмүрүмдөгү ушул кызга болгон биринчи чечкиндүүлүгүмө сүйүндүм окшойт.
Жок дегенде ушул жолу мендеги аруу сезимди сездиң бекен?
Кызык, мен ошол боюнча өмүрүмдө бир да башка кызды сүйбөптүрмүн. Көп эле кишилер бала кездеги сүйүү, андан кийинки чыныгы сүйүү деп калышат го. Жок, менде андай нерсе болгон эмес. Мен өмүр бою ушул кызды эле сүйгөм. Мендеги аялуу сезимди керек болсо ал билген да эмес. Айтылбай калган накта армандуу сүйүү меники.
Мезгил өтүп, заман өзгөрүп, доор алмашты. Азыр баарыбыз эле социалдык тармактарда отуруп калбадыкпы. Интернеттен издеп жатып, жүрөгүмдүн тереңинде жашаган ал кызды таап алгам. Ал жөнүндө маалыматтарды, сүрөттөрүн карай берем. Отуруп ойлоном. Меникиндей тагдыр дагы бирөөдө бар болду бекен деп. Ушунча чоң сүйүү келсе аны кор кылып, ичимде гана жашырып, бир адамга айтпай жашап келдим. Аракетим оңунан чыкпаганга убагында өзүмө аябай жиним келчү. Бирок эми азыр болоору болду, боёсу канды да, бул сүйүү менин бар нерсемди батырган жан дүйнөмдө гана жашай берет. Азыр эми көнүп деле калдым.
Мезгил дагы далай жылдарды артка таштады. Жашоонун миң сан түйшүгү менен алп урушуп жүрө берет экенсиң, жашоо сени бир далайга алып кете берет тура.
Кийин апам арман кылган кызга да жеткен. Биринчи небереси кыз болду. Апам аны аябай жакшы көрүп, минтип эркелетчү: “ Кызым дакылдаган кыз болот. Аккөзовадай сот болот ”,- деп койчу. Аккөзова деген ким экенин деле билбейбиз. Апамдан такып деле сурабаптырбыз. Агам ошол апамдын тилегин аткарайын дедиби, же кызы жактырдыбы, айтор сот болду. Бирок, апам айткан Аккөзовадай дакылдадыбы, белгисиз. Апама мен өтө жакын болчумун. Балалыгымда менин эле апам аябай жакшы деген түшүнүктө жүргөм. Көрсө бардык эле баланын өз апасы өзүнө жакшы тура. Апамдын ар бир айткан сөздөрү кулагымда, тамак ичип бүткөнүбүздөн кийин апам сонун бата кылып койчу. Биз каткырып күлүп, шылдыңдап калчубуз. Ал батаны мен да ар бир чай сайын айтып, бата кылам. Бирок, ичимен кубүрөп айтам. Ал бата да менин баарын батырган, зор ичимде, жан дүйнөмдө жашап келет. Эгер кийин карыя болгонумда бирөө жарым бата берип коёсузбу десе ошол жадымымда жат болгон батамды берээрмин. Ал бата мындай: «Жараткан бала-бакырамды аман коё көр. Жаман көздөн, жаман сөздөн сакта. Бөөдө кырсыктан, бөөдө өлүмдөн, дубадан, жаман оорудан сакта. Душмандын көзү күйгүдөй, ыштандарына сийгидей жашоо бер, Жараткан!»-, деп бүтүрөөр эле, апам батасын. Олдо айланайын, алтын апам ай, биздин ар бирибизди кор болбой жакшы жашашса экен деп тилек кылганын кара. Ар бирибиздин мүнөзүбүзгө жараша бар аракетин жасаган турбайбы. Азыр баарыбыз жакшы турмушта турабыз. Мунун баары апамдын ошол кыраакылыгы. Орду-орду менен үйлөндүргөндүгү. Бизди ынтымактуу өстүргөндүгү. Мен да азыр ошол апам арман кылып калчу нерсеге арман кылам, чын эле арабызда бир кыз болгондо, ал апама окшош болмок. Апам жасаган тамактарды биз барганда жасап бермек. Апамдын кармаган буюмдарын аздектеп урунмак. Апамдын ошол асыл буюмдары кайда экенин кайдан билебиз. Биз болгону эркектербиз да... Апамдын өңүн андан көрүп турмак экенбиз деп ойлоп коём. Анан дагы апама тиги кыз жөнүндө айтпай калганыма өкүнөм. Апамдын акылына жакшы нерселер келмек, жакшы ой, жакшы жол көргөзмөк, балким, жакшы аракеттерди жасамактыр...
Ошентип, ар адамдын жеке “менинде” эч кимге айтпаган жан сыры болот тура. Менин да жан дүйнөмдү жашылдандырып келген жан сырым ушул, окурман. Ичимди ийне менен сайгылаган, белгисиз нерсеге көксөткөн арманым, жан сырым баарын батырган жан дүйнөмдө гана жашап калды.
Автору: Сыдыкбаева Мира Медеркуловна
Булак: NazarNews.kg