www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Гүлзат карындашым, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары мектептерге ыйман сабагын киргизүүнү сунуш кылып жиберишти. Буга сиздин көз карашыңыз?

- Ооба, “ыйман” деп туруп диндин этикаларын, болгондо да кыргызга жат ашкере немелерди киргизип атпайбы. Кайнаса каныбыз кошулбаган башка өлкө элдеринин идеологиясын таркатып, таанытып-таңуулап, анысы аз келгенсип чүмбөттөп, шалбыратып кийинтип, сапсыйтып, деги койчу кайсы бирин айтайын...

Ошо 1- класска барган окуучу кыздар хиджап кийинип, анын этек-учун жыя албай жүдөп аткандарын, анысы аз келгенсип ар жуманын бешинчи күнү мектептеги сабактарды таштап, “жума намазга” деген бизге ылайыксыз көрүнүштөрдү көрүп атабыз го. Ошолордун ата-энелерин түшүнө албай турам. Анчалык ыймандуу болгусу келсе, мектепти бүткөндөн кийин, 18 жашка толгон куракта медресеге барсын. Эч ким каршылык кылбайт.

- Болуптур, анда сизде кандай альтернативдүү сунуш бар?

- Биз светтик мамлекетпиз. Анүстүнө Кыргыз Республикасы – Айкөл Манас атабыздын улуу империясынын тарыхый мураскору. Демек, бизге динге таянган ыйман сабагы эмес, империя курган, тарыхта улуу цивилизация жараткан ата-бабаларыбыздан калган улуттук көөнө дөөлөттөргө таянган нарк таануу сабагы кыргыз жана орус тилдеринде бирдей программа менен сунушталышы керек.

Кудай буюрса, белгилүү кыргыз таануучулар жана окумуштуулар менен бирдикте нарк таануу сабагы боюнча кыргыз жана орус тилиндеги окуу куралдарын даярдоонун үстүндө эмгектенип жатабыз. Светтик Кыргыз Республикасынын мектептеринде ушул мамлекетти түзгөн улуттун (государствообразующая нация) улуу наркын окутуу – ар бир кыргызстандыктын ыйык парзы деп билем.

Булак: Азия News гезити

Последние новости